Элет жеринде жумушсуздук кѳп болгондуктан ар ким ѳз колунан келген иш менен алектенет. Алардын бири айыл тургуну Жийдегүл Кудайбергенова Барскоон айылында такси кызматында иштейт. Жийдегүл эки жылдан бери таксист болуп эмгектенип кардарлардын сүймѳнчүлүгүнѳ ээ болу менен бирге кары адамдардын батасын дагы алып келет. Анын айтымында алгач мырзалар унаасына түшүүдѳн кооптонуп келгенин да билдирди. Такси кызматын аркалап калышына ѳмүрлүк жолдошу Аскат эмгеги зор экенин кубануу менен билдирди.
Гүлкайыр Осмоналиева