27- апрель күнү Балыкчы жамааттык медиа борборунда Кыргызстандагы Internews уюму тарабынан тренинг өткөрүлдү.

Тренингге жаш журналистер жана алардын жетекчи мугалимдери катышып, медиа сабаттуулук жана SММ тууралуу көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болушту.
Internews уюумунун өкүлү Максуда Айтиева медиа сабаттуулук азыркы заманда өтө чоң роль ойнорун айтып, аны кызыктуу мисалдар менен тушүндүрүп өттү.

Андан соң кесиптеши Исмаил Карыпов SMM тармагы тууралуу маалымат берип, SMMдин зарылдыгын жана аны туура пайдаланууну үйрөттү.

Соңунда катышуучулар тренинг алар үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болгондугун айтышып, тренерлерге ыраазычылык билдиришти.
Алихан Муратов