Бүгүн Кочкор айылынын орто мектептеринин окуучуларынын катышуусунда жолдо жүрүү эрежелерин сактоо жана жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында иш-чаралар өттү.
«Авто жана жөө жүрүшкө» катышууга Кочкор райондук билим берүү мекемелери тарабынан жол кыймылынын эрежеси боюнча кыскача программалар (флешмоб, кароо ж.б) көрсөтүлдү.
Мектеп окуучулары жол жүрүш менен бөлүнгөн көчөлөрдү басып, Кочкор Маданият үйүнүн алдына чогулушту.
Иш-чаранын аткарылышына жана уюштурусуна Кочкор районунун прокуратурасы жана Кочкор РИИБунун кызматкерлери жооптуу болушту.
Мадина Жокенова, Асема Молдошева