Бул видеоподкастта Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев аялдарга карата сый-урматтуу мамиленин мааниси, анын улуттук баалуулуктардагы жана тил маданиятындагы орду тууралуу ой бөлүшөт. Коомдо гендердик теңдикти камсыз кылуу, аялдардын кадыр-баркын коргоо жана тил аркылуу сый-урматты бекемдөө — бул жалпы адамдык жана улуттук милдет экендиги баса белгиленет.
Аялдарды сыйлоонун негизги жолдору — аларга тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, басмырлоо жана зомбулук фактыларын жоюу, ошондой эле коомдук, үй-бүлөлүк жана кесиптик чөйрөдө алардын эмгегин баалоо болуп саналат. Сөз маданияты, тил тандап сүйлөө жана коомдук диалогдо аялзатына карата боорукер, урматтуу мамиле кылуу да чоң роль ойнойт.
Подкастты төмөнкү видео аркылуу көрө аласыз. Видеонун алдына бул темада өз ой-пикириңиз менен бөлүшүңүз.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.