«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бул чыгарылышта «Региондогу билим берүү деңгели» темасы талкууланды.
“Кыйындын”катышуучулары:
• Карамат Токторова — Чоң-Алай районун мектеп директору,
• Айгулья Атабекова — PISA-2025 багытындагы тренер, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты,
• Гульбарчын Мамытова — Алай районун мектеп директору, Тилектеш айылдык кеңешинин депутаты.
Модератор —Кайыргүл Урумканова. Эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.
Талкууда сөз баштаган PISA-2025 багытындагы тренер Айгулья Атабекова алгач окуучулардын билим деңгели тууралуу маалымат берип, учурда өлкө боюнча жүрүп жаткан PISA-2025 окуучулардын билимин баалоо системасы билим берүү тармагынын чоң мүмкүнчүлүгү экенин айтты.
“Буга чейин билим берүүнүн кемчиликтери айтылган. Муну биз туура кабыл алып оңдой алсак биз келечектин “алтын муунун” жарата алабыз. Өлкөдөгү 2 миңден ашык мектептен 198 мектеп тандалып алынып PISA боюнча тапшыруунун биринчи этабы өттү, экинчи этабы башталганы турат. Мында Кыргызстандын окуучуларынын билим сапатын бизге аныктап берет. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө биздин окуучулар чет мамлекетке окууга чыгып жатышат. Ал жакта университетке тапшырып, иштеп жатышат, бул дагы болсо биздин өлкөдө билимдин өсүп жатканын билдирет. PISAдан өткөн 2009-жылдан бери бир топ өзгөрүүлөр болду, министрлик мугалимдерди да байма-бай окутуп жатат”, — деди ал.
Ал эми Алай районунун мектеп директору Гульбарчын Мамытова: “4 жыл аралыгында биздин Алай районунда бир “Алтын сертификат” алган окуучу чыкты, 4 окуучу ЖРТдан 200 баллдан ашык алып жатса былтыр 12 окуучу 200 баллдан ашык алды. Бул деген өнүгүүнун жолу. Азыр мугалимдердин ар бирине бүгүнкү заманбап технология менен иштөө боюнча акысыз окуулар өтүп жатат. Мындан тышкары аймактарга заманбап техникалар жетти, алсак электрондук доскалар, компьютерлер… Бирок кээде алыскы аймактарда STEM багытындагы мугалимдердин жоктугу өкүндүрөт. Мисалы физика, химия предметтеринен мугалимдер кээ бир мектептерде жокко эсе, анан ал сабактардан тектеш предметтин мугалимдери бергенге туура келет. Мугалимдер жетиштүү болсо билим деңгели балким дагы да жогорулайт”, деди.
Сөзгө кошулган Чоң-Алай районун мектеп директору Карамат Токторова мугалимдердин жетишсиздигин жоюу багытында иштер аткарылып жатканын айтты.
“Балдардын билим сапатын жогорулатыш үчүн адегенде министрлик мугалимдерди окутуп берип жатышат. “Келечек үчүн билим берүү” долбоору тарабынан мугалимдерди окутушту, функционалдык сабаттуулук, медиа сабаттуулук, андан тышкары STEM предметтери боюнча мугалимдерди окутту. Министр Чоң-Алайга келгенде 12 жылдык окуу тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөн эле. Ошондо Ош МУнун ректору студенттерди жөнөтүп берем деген убада берген, учурда күчтүү деген студенттерибиз окуучуларга мотивация берип, кесипке багыт берүү боюнча жана IT тармагы боюнча мугалимдерге жардам берүүдө”, — дейт ал