Кочкор районунун Тендик айылында жайгашкан Калыгул Бай атындагы орто мектебинин имаратында планга ылайык күжүрмөн даярдыгын күчөтүү жана өрт кырсыгы катталган учурда мектеп окуучуларына жана мектеп кызматкерлеринин иш-аракетин жакшыртуу максатында өрт-тактикалык машыгуу жүргүзүлдү.
Машыгууну Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 14-май күнү өткөрүлдү. Анда мектеп окуучуларына жана кызматкерлерине өрт кырсыгы катталган учурда аткарылуучу иш-чаралар көрсөтүлүп, өрт кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болду.
Машыгууга Кочкор району боюнча ӨКБнүн №42 ӨКБнүн Камаз 65115 үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаасы менен 5 кызматкер тартылды.
Машыгуунун жүрүшүндө өрт өчүрүү бөлүктүн өрт болгон жерге жөнөтүүсү, алардын келүү убактысы жана куткаруу иштерин уюштуруу эрежелери менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты өздүк курамдын өрт өчүүрүдө болгон билим деңгээлин жогорулатуу, өрт-техникалык каражаттар жана өрткө каршы жабдуулар менен иштөөнүн, өрттүн келип чыгышын алдын алуу, өздүк курамдын өрттөрдү өчүрүдөөгү практикалык билим деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.
Машыгуунун алкагында имараттан окуучулар эвакуацияланып, өрт өчүрүү убагында кандай аракеттерди жасоо керектигин практикада көрсөтүп беришти.
Сүрөттөр Калыгул Бай атындагы мектептин архивинен алынды.
Райана Советова, Райана Жумадилова