Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шаршеналы Таджиевдин элесине арналган волейбол турнири быйыл Чолпон айылы үчүн ийгиликтүү болду. 7-майда башталган бул спорттук иш-чаранын биринчи күнүндө чоңдор арасында Чолпон командасы жеңишке жетсе, экинчи күнү мектептер арасында өткөн таймашта Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыздар жана балдар командалары тең 1-орунду багынтып, айыл элине зор сыймык тартуулашты.
Турнирди Шаршеналы Таджиевдин балдары уюштуруп, анын жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздашты. Мындан сырткары, алар айылдагы мектепке теннис столун белекке берип, жаштарга спорт менен алектенүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Бул жаштар ийгилигинин артында турган инсан — жаш мугалим жана машыктыруучу Асылбек Дүйшөн уулунун тынымсыз эмгеги, сабырдуулугу жана ишеними экенин белгилебей коё албайбыз. Ал мектеп спортун жандандырып, жаштарды тарбиялоодо чоң салым кошуп келе жатат.
Команда мүчөлөрүнүн ынтымагын, аракетин жана спортко болгон сүйүүсүн сүрөттөн ачык байкоого болот.
Кыздар командасынын түптөлүшү: каршы пикирлерден жеңишке чейин
Асылбек спортко болгон кызыгуусун, айрыкча кыздар арасындагы волейболго көңүл бурууну 2017–2018-жылдары педагогикалык практикага келген учурунан баштаган. Ал убакта айылда кыздар командасы тууралуу ойлонгондор аз болчу. Айрымдар анын аракетин шылдыңдап, “кыздардан команда чыкпайт” деген пикирлерди айтышкан. Бирок ал оюнан кайткан жок.
Практикасы аяктагандан кийин деле эки жылдан ашык убакыт бою өз ыктыяры менен кыздар менен машыгып жүрдү. Алгачкы жылдары оор болду: топ, форма, инвентарь жок, турнирге барууга шарт аз. Бирок ошол кездеги мектеп директору Рысбек Айдаркуловдун колдоосу менен Асылбекке ишеним көрсөтүлүп, команда сырттагы турнирлерге катыша баштады.
Эң алгачкы турнир — кошуна айылда өткөн мелдештен экинчи орунду алышты. Бул жеңиш алардын ишенимин арттырып, машыгууга болгон кызыгуусун күчөттү. Андан кийин ар кандай турнирлерге катышып, дайыма финалга чыгып жүрүштү.
Кыздар командасы бир нече жыл ар кандай турнирлерге катышып, ар дайым намыс үчүн күрөшүп жеңишке жетишип келишкен.
Бир жолу Кочкордо чоң турнир өтө турганы айтылып, кыздар командасы ошол оюнга катышты. Бул Сапар Алиев атындагы турнир болуп, атаандаштык күчтүү болгон. Жыйынтыгында, команда экинчи орунду алып, 10 000 сом байге утуп алды.
Жетишкен ийгиликтер жана келечек пландар
Кыздар командасы 15тен ашык турнирден биринчи орунду жеңип алган. Экинчи жана үчүнчү орундар да көп жолу болгон. Каракол шаарында өткөн республикалык турнирге да катышып, мыкты оюн көрсөтө алышты.
Бул команданын артында машыктыруучунун сабырдуулугу жана тарбиялык эмгеги турат.
Ар бир турнир өзүнө жараша түйшүк жана тажрыйба алып келет. Утулган күндөр да болгон, бирок ал — спорттун табигый бөлүгү. Асылбек машыктыруучу болуу оңой эмес экенин баса белгилейт: «оюнду көрүүчүнүн да, оюнчунун да, машыктыруучунун да көзү менен карап, туура чечим чыгарыш керек».
Балдар командасы — үзүрлүү эмгектин дагы бир жемиши
Асылбектин машыктыруучулук ишмердиги кыздар менен эле чектелип калган жок. Ошол эле учурда мектептеги балдар командасы да тынымсыз машыгып, бир топ ийгиликтерге жетишип келүүдө. Алар да ар кайсы мектеп аралык, аймактык жана райондук деңгээлдеги турнирлерге катышып, бир нече жолу биринчи, экинчи, үчүнчү орундарды ээлешкен.
Спорт аркылуу өзүнө ишенген, алдына максат койгон жаштар тарбияланып жатат.
Балдар менен иштөөдө да машыктыруучу катары чоң жоопкерчилик талап кылынат. Анын негизги максаты — жөн гана оюн үйрөтүү эмес, тартип, достук, командалык рух, чыдамкайлык сыяктуу сапаттарды калыптандыруу. Бул принциптерди жетекчиликке алган Асылбек ар бир оюнчу менен өзүнчө иш алып барып, аларды спорт аркылуу өзүн-өзү ишенимдүү кармаган, максат койгон жаштар катары тарбиялоого аракет кылып келет.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шаршеналы Таджиевдин элесине арналган волейбол турниринде 1-орунду камсыз кылышты
Учурда балдар командасы дагы күчтүү оюн көрсөтүп, айыл атын чыгарып жүргөн командалардын бири катары таанылып калды. Турнирлерде атаандаштык күчтүү болгону менен, оюнчулардын эмгеги жана машыктыруучунун колдоосу алардын дайыма мыкты жыйынтык көрсөтүүсүнө өбөлгө болууда.
Учурда Асылбектин келечекке болгон пландары чоң. Өз күчү менен спорт кабинетин ачып, инвентарларга муктаждык жаралууда. Бирок ал алдыга ишеним менен карап, “күчтүү спорт болсун десек — талыкпаган эмгек керек” деген принцип менен иштеп жатат.
“Өлкөнүн өнүккөнүн көргүң келсе — спорт менен маданияттын өсүүсүнө көңүл бур”, — деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Асылбек сыяктуу демилгечил жана кайраттуу мугалимдер ар бир айылда бар болсо, келечек муундун ден соолугу да, руханий байлыгы да бекем болот.
Амина Кубанычова, Гүлира Сатарова.