Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен 14-майда Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ж. Өмүралиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында акимдин көчмө кубогуна арналган дебаттык турнир болуп өттү.Турнирге райондун 17 мектебинен 28 команда келип катышып, дебаттык оюнда өз мектептеринин намысын коргоп, акыл таймашына түшүштү.
Окуучуларга дебат оюнун өткөрүү үчүн атайын Бишкек шаарынан «Республикалык дебат борбору» коомдук бирикмесинин дебаттык клубунун тренерлери, дебатчылары чакырылып өткөрүлдү.
Дебат- бул билим алуунун жаңы технологиясы. Окуучулардын потенциалын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт. Нарын районунун окуучулары үчүн бул оюн жогорку деңгээлде өтүлдү.
Өмүр Токтосунов а. о.м. окуучулары
Жыйынтыгында А.Жутакеев атындагы орто мектеби 1-орун, А.Аралбаев атындагы орто мектеби 2-орун, Өмүр Токтосунов атындагы орто мектеби 3-орун, Ж. Өмүралиев атындагы орто мектеби 4- орунга ээ болуп грамоталар жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын китеп белектери менен сыйланышты.
А. Жутакеев а.о.м.окуучулары
Ж.Өмүралиев а.о.м. окуучулары
А.Аралбаев а.о.м.окуучулары
Андан сырткары жеңүүчү аталган 4 команда тең, Бишкек шаарында өтүүчү республикалык дебаттык турнирге жолдомо алышты.
И.Мөндүрбаева