Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын тургуну Асел Чакиева 3 жылдан бери кийим тигүүчү цех иштетип келет. Мурда айылда өз алдынча буйрутма алып же шаарда иштеп келген кыз келиндердин башын бириктирип, иш менен камсыз кылууну көздөгөн ишкер айым алдыда цехти дагы чоңойтууну максат кылат.
Айылдагы бош айымдарды иш менен камсыз кылгысы келген Асел айым учурда цехте 10 дон ашык кыз-келиндер иштетет. Кошумча кирешени өз айылында табууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Учурда анда иштегендер 10000-30000миңге чейин табышат:
Цехте иштөө учуру
Сол жакта Асел Чакиева
“Биздин жумуш албетте актайт иштесең тиштейсин дегендей көбүрөөк иштесең көп табасың, иштегенге жараша табышат. Үй бүлөгө аял заты катары киреше кирет, бакканга жетет. Кээде сезон эмес учурунда аз табып калабыз, бирок жокко караганда жогору дегендей”
Учурда Дөбөлү айылынын тигүүчү айымдары Орусиядан буйрутма алып тигишет. Буларды алып, кайра салуу иштерине Асел Чакиеванын баласы жардам кылат. Учурда жайкы кийимдерди тигип жатышканын айтат:
“ Мен дагы изденип,ойлонуп көбүнчө кичинекей балдардын кийимин тиккенге кызыкчумун. Ошентип ымыркай балдарга бир-эки идея менен тиккем. Бирок көп учурда атайын заказ кылынган кийим тигем. Азыркы учурда сезон менен жайкы кийим тигип атабыз. Биз көбүнчө 1-5 класстын кыздарына ылайыктуу кийим тигебиз”
Жумушчулар
Цехтте иштеген тигүүчүлөрдүн бири Эркекан Ильяз кызы бул жакта иштегенине 2жылдан ашты. Мурда Бишкек шаарында иштеп келген болсо учурда өз айылында иштеп жатканы алда канча ыңгайлуу болуп калганын билдирди:
“ Мага өзүмдүн айылымда иштеген абдан жакты. Мурун дагы швея менен иштегем. Азыркы учурда бул жакта иштеп жатам . Жумушум өзүмө абдан жагат.”
Кийим тигүү цехи
Жумушчулар
Асел Чакиева бул чакан иш каны мындан ары чоңойтуп дагы көп кыз келиндерди иш менен камсыз кылууну көздөйт.
Акылай Эсенгулова, Ажара Таалайбекова, Медина Шамырбекова