Инза Алмазова Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 5-класста окуйт. Ал бала бакчага барып баштаганда 3-4 жашынан тарта ырдап чыгып баштаган. Учурда сынактарда жана коомдук иш чараларда талантын тартуулап келет.
Инзанын мугалими музыка сабагынан берген Шайгүл Исманова окуучусу таланттуу экенине токтолуп, келечекте көптү үмүттөндүрөрүн билдирди. Учурда алар Акыркы коңгуроо салтанатына бий даярдап жатышат:
“Инза ырчылыкка абдан жөндөмдүү, тубаса таланты бар деп айтсам болот. Инзанын үнү лирикалык үн, диапазону бийик, назик, жагымдуу. Инза өзү дагы ырга кичинекей кезинен эле кызыгат,аябай аракетчил. Кичинекей кезинен бери ырдап азыр такшалып келе жатат. Дагы да музыкага жагына билимин өстүрүшү керек. Келечеги алдыда. Музыканы көбү женил деп ойлошот бирок музыка татаал жана көп эмгекти талап кылат. Мектеп иш чараларына катышканда дайыма айтканды аткарат, жан дили менен келип катышып кетет ошого мен ыраазымын.”
Инза Алмазова
Мектептеги иш чарада
Мектептеги иш чарада
Инзанын атасы Садырбай Ирсалиев кызынын ыр жандуу экенин белгилеп, кызы менен сыймыктанаарын кошумчалады. Кызы алгач сахнага чыгып ырдап жатканда толкунданып көзүнө жаш алганын эскерди:
“Кичинекейинен эле артисттерди туурап ырдачу. Бир нерсени бат илип, бат жаттайт жана бат үйрөнөт. Алгачкы жолу сахнага чыкканда аябай толкундангам. Москвага барганда дагы «Эч качан өкүнбө»аттуу ырын ырдаган.Ошондо аябай толкундангам,сүйүнгөм жана ыраазы болгом.Ырын кайра кайра коюп укканбыз. Көзүмө дагы жаш алгам. Кызымдын ырдагынын колдойм ар бир балага жардам бериш керек. Албетте жардам беребиз, кийимдерин алып беребиз.Сахнага чыкканда күлүп, элди карап, тартынбай ырда деп көмөк көргөзөбүз.”
Инза
Инза Алмазова ырдап, бийлегенден сырткары комуз дагы чертет. Ырчылык анын хоббиси болуп каларын келечекте ал башка кесипти аркалагысы келерин кошумчалады:
“Ырдоого мага ата-энем, бир туугандарым, үй-бүлөм түрткү болгон. сАхнага чыкканда албетте толкунданам. Бирок ичимде мен жеңем деген максатым болот. Ошондо толкунданбай жакшы ырдап кетем. Чоңойгондо негизи мен Стюардесса болгум келет. Бирок ырчылыкты бирге ала жүрөм. Мага азыркы ырчылардан Нурайым Акылбекова жагат. Үнү дагы жакшы, жаш ырчы жана жаңы чыга баштады,ырлары да жагат. Ата-энеме көп көп рахмат. Ырдаганыма аябай колдоо берип турушат. Баарына чоң рахмат айтам.”
Сыпат Асаналиева, Алия Алымкулова