Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылынын тургуну Улан Үсөйүн туризмди өнүктүрүү максатында айылга “Altay” мейманканасын куруп, айыл элин да жумуш менен камсыздоодо.
Нарын шаарынан 360 км аралыкта жайгашкан “Altay”мейманканасы башка мейманкалардан өзгөчөлөнүп , табигый шыбак менен шыбалып, өзгөчө жыт берип балалык кезди эскертип турат. Улан Үсөйүн айылдагы кой баккан короосун бузуп ордуна мейманканасын тургузган. Ал 2022-жылы май айынан баштап иштеп баштаган. Алгач жумушчулардын саны жети адам менен баштап азыр он үч адам иштейт. Былтыр турист көп келип 1-корпуска батпай баштаганда 2-корпус быйыл салынып ишке кирди.
Мейманкананын ичи
Бул мейманканада жалаң айыл тургундары иштейт. Ишкер Улан үсөйүндүн апасы Курманбүбү бул мейманкана бир гана алардын үй-бүлөсү үчүн киреше алып келбестен айыл тургундарын да иш менен камсыздап жатканын айтат. Бош жумушсуз үйдө олтурган иштейм деген айыл тургундарын жумуш менен камсыздап турат . Мисалга алсак , келген туристтер ат мингиси келет курут кандай жасалаарын көргүсү келет, шырдак, кийиз жана улуттук тамактарыбыз кандай жасалаарын көрүүгө кызыгышат. Ошол себептен мастер класстар көргөзүлүп турат. Аны айыл тургундары көргөзөт. Ошол ар бир көргөн мастер класска акчасын төлөп беришет:
“Өзү окуп жүргөндө эле туризмге кызыкчу. Көптөгөн чет мамлекеттерге барып, алардын салынган мейманканаларын көрүп , жада калса бизди дагы алып барып жер кыдыртып келди. “Айылга ушундай мейманкана курайын деп жатам, колдойсуздарбы?”- деди . Албетте, колдойбуз дедик. Негизи өзү кичине кезинен эле тырышчаак жасаганын ишке ашырганга аракет кылчу. Иштеген иштери буюрса ишке ашып жатат деп ойлойм . Бидин колдообуз менен ийгиликке жетти деп ойлойм. Туристтер келип жатат. Биз дагы азыр кубанып олтурабыз, себеби биздин айылда да ушундай туризм мейманканасы бар экендигине. Жеке эле бизге каражат түшпөстөн айылдын тургундарына да түшүп жатат. Бири табигый жумуртка сатып, курут мастер класстарын, манты шоу, боорсок шоу көргөзгөн тургундарга маяна төлөнөт.”
Улан Үсөйүндүн апасы
Чайхана
Балык баккан чарбасы
Аталган мейменканада ашпозчу болуп иштеген Нуржан Таалайбек кызы 3 жылдан бери келген конокторго тамак жасайт. Ал мурда кесиби боюнча ашпозчу болгонуна карабай жумушсуз болчу. Айылында ачылган конок үйү аны иш менен камсыз кылганын билдирди:
“ Мейманкана салынып жаңы ишке берилгенде эле иштеп баштагам. Ашпозулуктун окуусун окугам, бирок айылда кесибим боюнча жумуш жок бош болчумун . Улан мейманканасына жумушчу издеп жаткандыгын угуп дароо эле барып жумуш сурап, ошондон бери иштеп баштадым. Туристтер менен иштешүү абдан жеңил экен. Себеби алар так жана таза болушат. Эртең менен эрте саат 6:00-7:00 го тамак даяр болуусу керек. Кечки тамакты саат 7ге десе 7ден калбай келишет. Жакшы, тынч отуруп жеп кетишет. Кыргыздар болсо убактыбыздан кечирээк келебиз, этиканы да сактай албайт экенбиз. Өзүбүз бул жакта иштегендиктен тил билишибиз керек экен. Азыр үйрөнүп жатабыз. Чет тилин үйрөнүп алсак келген туристтер менен сүйлөшүү жеңил болот эле. Мага жумушум жагат.”
Чайхананын ичи, сувенирлер
Чайхананын бөлмөсү
Салынып жаткан жаңы корпус
Эски корпусунун кире бериши
“Altay” мейманканасында чет өлкөдөн келген туристтердин аягы үзүлбөйт. Алар бир жыл мурда бронь кылып коюшат. Меймандар айыл элинин жашоо турмушу менен жакындан таанышып кетишет. Бир гана чет өлкөдөн келген туристтер эмес өлкө ичинен дагы эс алуучулар келишет
Забира Чечеева, Сайкал Алмасбекова