16- майда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында медиасабаттуулук боюнча кахут оюну ойнотулуп, иш чара өтүлдү.Иш чаранын эң негизги максаты жарандарды маалыматты талдоону үйрөтүү, аналитикалык, критикалык ой жүгүртүп сын көз караш менен кароону , санариптик коопсуздукту сактоо жөндөмдөрүн арттыруу болду.
Медиасабаттуулук боюнча презентация көрсөтүү учуру
Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, айыл тургундары , Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мекеме кызматкерлери катышып, фейк жанылыктарды таануу, маалымат булактарын текшерүү жана онлайн алдамчылыкты аныктоо боюнча презентация көрүштү.
Катышуучулар
Андан соң кахут оюнун ойношту.
Оюн учуру
Оюн учуру
Жеңүүчүлөр
“Текшердим” кампаниясынын алкагында медиасабаттуулук боюнча кызыктуу оюнун өткөргөн Дөбөлү Жааматтык Мультимедиа борборунун координатору Индира Мөндүрбаева кахут оюну абдан кызыктуу жана катышуучуларга пайдалуу болгонун айтып жана оюн ойноп атып катышуучулар медиасабаттуулук боюнча көндүмдөрүн калыптандыргандарын белгиледи:
“Медиа сабаттуу болуу азыркы учурдун талабы. Биз санариптик коомдо жашап жатабыз. Азыркы учурда санариптик шылуундардын торуна билим жетиштүү адам да кабылып калышы мүмкүн. Акыркы убактарда онлайн алдамчылыкка кабылып , жабыр тарткан адамдарды көп эле угуп жатабыз. Ошондуктан бүгүнкү иш чара жалпы катышуучуларга абдан пайдалуу жана актуалдуу болду деп ойлойм.
Оюндун катышуучусу Өмүр Токтосунов мектебинин директору Назгүл Кадырова төмөндөгүлөргө токтолду:
Оюндун соңу
“Бүгүн биздин мектепте өткөрүлгөн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча кахут оюну — бул жалпы катышуучулар алардын ичинде биздин окуучулар үчүн абдан маанилүү жана өз учурунда уюштурулган иш-чара болду деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күндө маалыматты талдап, сын көз караш кароо көндүмдөрү ар бир адамда болуш керек. Бул иш-чара катышуучулардын критикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, жалган маалыматты ажыратууга, социалдык тармактарды туура пайдалануу боюнча кошумча билим алдык. Бул иш-чара максатына жетти деп эсептейм.»
Мугалимдер арасынан оюнга катышкан математика мугалими Роза Акматова 3-орунга ээ болгонун жана бул иш-чара кызыктуу, пайдалуу болгонун кошумчалады:
“Кахут оюну ойноп жатып көп жакшы маалыматтарды ала алдым. Билбеген жаңы терминдерди билдим, санариптик шылуундардан сактанууну жана оюндан көп нерсе үйрөндүм”.
Белгилей кетсек, бул сыяктуу оюндар Кыргызстандын аймактарында 30 медиаборборлордо өткөрүлүп жатат. Аны Жамааттык Медиалардын Бирлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews уюму аркылуу ишке ашып жаткан CARAVAN долбоорунун колдоосу менен «Текшердим» аттуу маалыматтык кампаниянын алкагында медиасабаттуулук жана санариптик коопсуздук боюнча интерактивдүү кахут оюнун, квиз-таймаштардын өтүп жатат.
Курманжан Асыбакунова ,Кундузай Мукашова