Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучулары жана тарых мугалими эл аралык сынакта жеңишке жетишип, Москва шаарына үч күндүк жолдомо менен барып кайтышты.
Мектептин 11-классынын окуучусу Эркайым Туткабаева бул саякат анын жашоосунда унутулгус таасир калтырганын белгилеп, мындай деди:
“Москва – мен элестеткен заманбап гана эмес, тарыхый, эски шаардын да образын ачып берди. Өзгөчө мага музейлер чоң таасир калтырды. Биз үч күндүн ичинде көптөгөн тарыхый маалыматтарды алдык.”
Сапар “Россия и Кыргызстан: территория доверия – Дружба народов” аттуу эл аралык долбоордун алкагында уюштурулган. Бул конкурс эки элдин достугун бекемдөө максатында өткөрүлгөн. Конкурстун биринчи этабында катышуучулар мотивациялык кат жана эссе жазышкан. Экинчи этапта Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган видеоролик тартуу талап кылынган. Корчубек Акназаров атындагы мектеп 1-орунду камсыздап, Москвага жолдомо утуп алышкан.

Чолпон айылынын окуучулары тарыхый музейлерди, искусство галереяларын кыдырып, Улуу Ата Мекендик согуш жана орус маданияты тууралуу терең маалымат алышты.
Тарых мугалими Галия Сыдыкова өз оюн мындайча билдирди:
“Биз 2024-жылы конкурсунун эссе жазуу этабынан 2-орунду алсак, 2025-жылы видеоролик тартып 1-орунга жетиштик. Роликти даярдоого 5 күндөй убакыт кетти. Конкурс абдан таза өттү, баары онлайн түрдө, ар кайсы университеттердин калыстары тарабынан калыс бааланды. Окуучулар согуш темасына байланыштуу көп маалымат издеп, ролдорду чеберчилик менен аткарышты.”
Мугалимдин айтымында, бул саякат окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да өтө пайдалуу болду. Окуучулар Москвадагы бир катар тарыхый жайларга барышып, тарыхый мурастар менен таанышышса, мугалимдер үчүн окуу семинарлары уюштурулган.

Мугалимдер Москва шаарындагы Улуттук изилдөө институтунда окуу-семинарга катышышты.

Галия Сыдыкова Москвадагы Дипломатиялык академияда «Россия таануунун негиздери» боюнча 12 сааттык окуудан өтүп, сертификатка ээ болду.
Галия Сыдыкова Москвадагы эң таасир калтырган жай катары метро жана Россиянын Аскердик тарых музейин белгиледи:
“Мен үчүн эң кызыктуу жер – метро болду. Ал өтө ыңгайлуу жана кооз. Ошондой эле биз Российское военное историческое общество жайгашкан Трубецкой үйүндө болдук. Ал жерде орто кылымдан тартып, азыркы мезгилге чейинки экспонаттар жана тарыхый китептер сакталып турат. Россияда басылган эң алгачкы китепти да ошол жерден көрдүк. Бул биз үчүн чоң тажрыйба болду.”

Москва шаарынын тарыхый символу болгон Кызыл аянтта эстеликке сүрөткө түшүштү.
Белгилей кетсек, ушул эле конкурс аркылуу Кочкор районундагы дагы үч мектеп Шапак Рысмендеев атындагы жана Нинакан Жүндүбаева атындагы, Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептери жеңишке жетишип, Москвага жолдомо алышкан.
Нурпери Качкынбекова, Сезим Токтоматова