Нарын облусунун, Кочкор районундагы Чолпон жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн мектептеринин окуучуларынын катышуусунда Чолпон айылында шахмат турнири өткөрүлдү. Бул иш-чара Байдөөлөт уулу Туткабайдын жаркын элесине арналган. Иш-чарага анын балдары жана неберелери катышып, куран окутушуп, ата-бабанын рухуна таазим жасоо менен турнирдин жүрүшүнө демөөрчү болушту. 1-орун үчүн — 1000 сом, 2-орун — 500 сом, 3-орун — 300 сом байгелер коюлду.
Турнирге жалпы 10 айыл чакырылып, алардын ичинен 5 айылдын мектептеринин командалары катышты. Мелдеш 3 жаш курак боюнча уюштурулду:
• 1–4-класстардын окуучулары,
• 5–8-класстын балдары жана кыздары өз-өзүнчө,
• 9–11-класстын окуучулары да өзүнчө таймашты.
Жеңүүчүлөр медаль, грамота менен сыйланышты.
Калыстар тобуна жетекчилик кылган Чыңгыз Ишенбек уулу — “Шахмат” ийриминин жетекчиси, бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келет. Ал шахмат оюнун 8 жашынан тарта атасынан үйрөнгөн. Студенттик кезинде да ийгиликтерге жетишип, 5-курста окуп жүргөндө 16 университеттин студенттери арасында өткөн турнирде 2-орунду камсыздаган.
Чыңгыздын жетектөөсүндөгү окуучулар бир катар ийгиликтерди жаратып келишет:
• 15-мартта өткөн Чолпон жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн турниринде окуучулары 1–2–3-орундарды алышты.
Ак-Талаа айылында уюштурулган турнирде окуучулар 1–2–3-орундарды алышты.
• 21-март 2024-жылы райондук ачык турнирде Даниел Дүйшеев 2-орунду алган.
• 21-март 2025-жылы райондук ачык турнирге Чыңгыз Ишенбек уулу 2-орунду камсыз кылды.
• 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган турнирде Акназаров мектеби командалык эсепте 1-орунду алды, ал эми мугалимдер арасында Чыңгыз 2-орунга ээ болду.
Чынгыз Ишенбек уулу жана команда мүчөлөрү: Даниел Дүйшеев, Бекжан Аскарбеков, Кабыл Зарылбеков, Асан Карыпбеков.
Бекжан жыл ичинде дээрлик бардык турнирлерде 1-орунду камсыз кылса, Даниел 2-орунда келүүдө.
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 9-класстын окуучусу Бекжан Аскарбеков 2 жылдан бери шахмат ойноп келет. Ага шахмат ойноо төмөндөгүдөй пайда берерин билдирди:
«Жакында өткөн Шахмат оюнунан 1-орунду ээлеп алдым. Шахмат ойногондо коркунуч сезимин сездим. Утушумдун себеби: көп машыгуу. Спортту ойноону мага ата-энем сунуштаган. Шахмат аркылуу мен ой жүгүртүүнү жана тез ойлонгонду үйрөндүм. Уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем.»
2024-2025-окуу жылында шахмат оюндарында жалаң 1-орунду камсыз кылып келе жаткан Бекжан Аскарбеков.
Ошондой эле аталган мектептин шахмат боюнча мугалими Чыңгыз Ишенбек уулу 21-март 2025-жылы райондук ачык турнирге катышып 2-орунду камсыз кылса, 6-апрелде, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин майрамына карата өткөрүлгөн Нарын облусунун мугалимдер арасындагы шахмат мелдешинде 1-орунду камсыз кылды:
Окуучулардын жетишкен ийгиликтери Чыңгыз Ишенбек уулунун талыкпаган эмгегинин жана окуучуларга болгон берилгендигинин жыйынтыгы болуп эсептелет.
Элман Адылбекова, Эрмек Жумабеков