Токтогул районунда «Жылдын мыкты мугалими – 2025» республикалык конкурсунун райондук этабында билим берүү тармагынын мыктылары аныкталды. Райондун 23 мектебинен келген мугалимдер өз билимдерин, тажрыйбаларын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Конкурстун катышуучулары райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамоталарына» жана райондук профсоюз комитетинин акчалай сертификаттарына ээ болушту. Ал эми баш байгенин ээси «Аврора» эс алуу жайына жолдомо алды.
Бул сыймыктуу наамга № 6 Мүлкүбат атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин география мугалими Рысбаева Махабат Рысбаевна татыды. Ал өзүнүн педагогикалык чеберчилиги жана окуучуларга болгон өзгөчө мамилеси менен калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду. Махабат Рысбаевнага райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» жана «Аврора» эс алуу жайына жолдомо тапшырылды.
Мындан тышкары, бир катар мугалимдер дагы акчалай сертификаттарга жана «Ардак грамоталарга» ээ болушту. Алар: №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Сыдыкова Жазгул Нурказаковна, № 13 Коргол атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин химия мугалими Эсенбеков Амангелди, № 29 Нургазиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Толкунбек кызы Айпери, № 35 Чаргынов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология мугалими Кадыралиева Нургүл, №31 Чодошев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Абакулова Барчынай, № 39 Жунусалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бейшебаева Клара, № 20 Жүндүбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин физика мугалими Асанбекова Назгүл жана № 12 Турусбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Касымбекова Назгүл.
Конкурска активдүү катышкан башка мектептердин мугалимдери да акчалай сертификаттар жана райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамоталары» менен сыйланышты.
Даярдаган: Азема Кудуева