Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын К. Акназаров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 20 жана 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектеп айланасын жашылдандыруу максатында 100 түп балаты, 112 даана алма, алмурут жана өрүк көчөттөрүн белекке беришти.
Мектептин тарбия иштери боюнча завучу Нурадил Чолпонкул уулу бул демилгени бүтүрүүчүлөр менен айылдык активисттердин колдоосу катары баалап, мындай жардамдар үзгүлтүксүз улантылып келе жатканын белгиледи:
«Жашылдандыруу сунушу 10 жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан көтөрүлүп, мектепке көрк берип, келечек муундарга жемиштүү бактарды калтыруу максаты көздөлдү. Бул көчөттөрдүн кароосу техкызматкерлерге жана чарба иштеринин уюштуруучусу Сабит Алыбаевге жүктөлдү,» – деди ал.
Белгилей кетүүчү жагдай — быйылкы 10 жана 20 жылдыктарда ар бири экиден же үчтөн класстар болгон, бирок бүтүрүүчүлөр класска бөлүнбөстөн, ынтымакта иш алып барып, көчөттөрдү биргелешип алып беришти.
Башында 20 жылдыктарга планшет же интерактивдүү доска алып берүү сунушталган. Бирок алар мектепти жашылдандыруу демилгесин тандап, балаты көчөттөрүн белек кылышкан.
20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке арналган саамалыкта эстеликке сүрөткө түшүштү.
1987-жылы төрөлүп, бул мектепти 2005-жылы бүтүргөн Марс Чороев 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн атынан чыгып:
«Бизден кийинки муундар бул арчалардын көлөкөсүндө ойносо, мектепке көрк берип турса деген тилек менен көчөт тиктик. Жашылданган мектеп — өсүп өнүккөн коомдун белгиси,» – деп билдирди.
Анын айтымында, жалпы 105 түп балаты алынып, анын 5 түп бала бакчага, калганы мектепке отургузулган. Иш-чарага болжол менен 30 дай бүтүрүүчү катышкан.
20 -жылдык бүтүрүүчүлөр мектептин айланасын көрктөндүрүү максатында 100 балаты көчөттөрүн отургузууда
Ал эми 10 жылдыктардын өкүлү Амантур Исамудинов көчөттөр Ысык-Көлдөн алынып келингенин айтып,
«Классташтар менен кеңешип, алма, өрүк жана алмурут көчөттөрүн алып келүүнү чечтик. Мектепке пайдалуу белек болду деп эсептейбиз» – деди.
10-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн көчөтүн тигүү жана кам көрүү учуру.
Бул демилге мектеп айланасын көрктөндүрүп гана тим болбостон, айлана-чөйрөгө, жаратылышка болгон жоопкерчиликти да үйрөтөт.
Эрмек Жумабеков, Илима Жумабаева.