Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө жана толкунданткан күн — «Акыркы коңгуроо» салтанаты болуп өттү. Быйыл окуу жылынын жыйынтыктоочу иш-чарасы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда белгиленди.
Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде уюштурулуп, мектеп аймагы түркүн түстүү шарлар, гүлдөр жана куттуктоо плакаттары менен кооздолду. Иш-чарага мектеп жетекчилиги, мугалимдер, ата-энелер жана чакырылган коноктор катышты.

Бул күнү бүтүрүүчүлөр мектептеги эстен кеткис күндөрүн эскерип, мугалимдерине жана ата-энелерине арналган ырларын аткарышты. Ошондой эле алар коштошуу вальсын бийлеп, келген коноктордун жылуу кол чабуусуна арзышты.
Салтанаттын эң таасирдүү көз ирмеми бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы жолу мектеп коңгуроосунун кагылышы болду. Бул коңгуроо алардын балалык доору менен коштошуп, жаңы турмуш жолуна кадам таштаганынын символу катары жаңырды.


Эми бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик экзамендер жана келечектеги кесибин тандоо сыяктуу жооптуу этаптар күтүп турат. Аларга ийгиликтерди каалап, келечек жолу жарык болушун тилейбиз.
Даярдаган: Илима Жумабаева.