Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү беш айылдын мектеп окуучулары окуу жылын жалаң «эң жакшы» жана «жакшы» баалар менен аяктаганы үчүн стипендия алышты.

Стипендияны Суусамыр айылынын туруктуу демөөрчүсү Конушбаев Тынчтык Кадыбекович тапшырды. Бул колдоо окуучуларды билим алууга шыктандырып, жаңы ийгиликтерге жетүүгө дем берет. Ошондой эле окуучулардын жетишкендиктерине салым кошуп жаткан ата-энелерге да жакшы түрткү болуп саналат.
Белгилей кетсек, Конушбаев Тынчтык Кадыбекович Суусамыр өрөөнүндөгү мектеп окуучуларына стипендияны 2022-жылдан бери үзгүлтүксүз тапшырып келет. Анын мындай демилгеси билимге умтулган жаштарды колдоого жана алардын келечегине инвестиция салууга багытталган.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна