Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Сары-Булак айыл аймагына иш сапары менен келип, Төлөк айылындагы Кең-Суу айылдык клубунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Ак-Кыя, Сары-Булак жана Төлөк айылдарынын тургундары, ошондой эле Кочкор районундагы мамлекеттик мекемелердин, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйындын негизги максаты жергиликтүү калкты түйшөлткөн маселелерди жеринде угуп, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Алардын ичинде жер үлүштөрүнө байланышкан көйгөйлөр, турак жайларга байланыштуу снос маселелери, мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жана алуу тартиби, ошондой эле «Коопсуз айыл» программасынын алкагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча суроолор басымдуулук кылды.

Мындан тышкары, жолдордун абалы, социалдык объектилердин иши, инфраструктураны жакшыртуу жана башка жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча да суроолор берилип, тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан түшүндүрмөлөр айтылды.

Облус өкүлү Нурбек Сатаров ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн маалыматын угуп, мыйзам чегинде чечүүнү талап кылган суроолор боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштердин жүрүшү көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда жергиликтүү тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, бир катар маселелерди чечүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге тапшырмалар жүктөлдү.

Мындай жолугушуулар мамлекеттик органдар менен калктын ортосундагы байланышты бекемдеп, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү өз убагында аныктап, аларды чечүүгө өбөлгө түзөт.
Бурул Майрамбек кызы