Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында улуттук каада-салттарды жана маданиятты даңазалаган «Сармерден» кыз-жигит оюну өткөрүлдү.
Иш-чара Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинин демилгеси менен уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, жыл сайын өтүп келген «Жыл мугалими» сынагы быйыл белгилүү себептерден улам өткөрүлбөй калгандыктан, анын ордуна маданий иш-чара уюштуруу чечими кабыл алынган.
«Сармерденге» Суусамыр өрөөнүндөгү беш айылдын мектептери менен бала бакчаларынын кызматкерлери катышып, эки командага бөлүнүп күч сынашты. Катышуучулар улуттук ырларды аткарып, каада-салттарды чагылдырып, көркөм өнөрлөрүн тартуулашты.

Калыстар тобунун курамына Суусамыр айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана өрөөндүн туруктуу демөөрчүсү Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович кирди.
Башкы байгеге Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович тарабынан 200 миң сом коюлду. Мындан тышкары, Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Жыйынтыгында эки команда тең жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп, бирдей упай топтошту. Натыйжада калыстар тобунун чечими менен достук жеңишке жетишти.
Иш-чара катышуучулар арасында ынтымакты бекемдеп, улуттук баалуулуктарды жайылтууга өбөлгө түздү.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна