26-май күнү Дөбөлү айылынын маданият үйүндө бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Кош бол, бала бакча!» аттуу майрамдык кече өткөрүлдү.
Салтанатка ата-энелер, ардактуу коноктор жана бала бакчанын эмгек жамааты катышып, мектеп босогосун аттоого даярданып жаткан бөбөктөргө ак тилектерин билдиришти. Майрамдын өзгөчө көз ирмемдеринин бири – бүтүрүүчүлөрдүн музыканын коштоосунда аппак килемден басып өтүшү болду.

Майрамдык программада тарбиялануучулар ыр-бийлерди аткарып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыз, орус жана англис тилдеринде саламдашып, келген конокторду кубандырышты. Балдар кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосунан үзүндү айтып, улуттук баалуулуктарды даңазалаган чыгармаларды аткарышты.

Кечеде бөбөктөрдүн бала бакчадагы алгачкы күндөрүн жана жетишкендиктерин чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, алардын өсүп-жетилген жолу эскерилди.
Иш-чаранын соңунда бала бакчанын директору Гүлжан Жолболдиева, жергиликтүү кеңештин депутаты жана бала бакчанын мурдагы директору Кенже Баатырканова, ошондой эле ата-энелер сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалашты.
Майрамдын жүрүшүндө тарбиялануучуларга сыйлыктар тапшырылып, алардын тарбиясына жана билим алуусуна зор салым кошкон тарбиячылар Амина Мүдүнова жана Адина Камчыбек кызына ыраазычылык билдирилип, белектер берилди.

«Кош бол, бала бакча!» аттуу ырдын коштоосунда бөбөктөр сүйүктүү бала бакчасы менен коштошуп, жаңы турмуш баскычы болгон мектеп жолуна багыт алышты.
Бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнө кең келечек, бекем ден соолук жана окууларында ийгиликтерди каалайбыз!