Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы эс алуусун узартуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечим ата-энелердин жана мугалимдердин кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.

Ага ылайык, жазгы каникул 2-марттан 7-мартка чейин улантылат. Мурда белгиленген мөөнөткө кошумча 4 күн эс алуу берилди.
Окуу планын толук аткаруу максатында жетишпей калган 4 күн май айында кошумча окутулат. Натыйжада, 2025–2026-окуу жылы салтка айлангандай 25-майда эмес, 29-майда жыйынтыкталат. Акыркы коңгуроо 29-майда кагылат.
Министрлик бул чечим окуучулардын ден соолугун жана сапаттуу эс алуусун камсыз кылуу максатында кабыл алынганын билдирди.