Мите курттар (гельминттер) — адамдын же жаныбарлардын организминде жашап, азыктанып, ар кандай ооруларды пайда кылган паразиттер. Алар көбүнчө ичегиде, айрым учурларда боордо, өпкөдө жана башка органдарда кездешет.

Дамира Алпамышева-дарыгер
«Мите курттар алгачкы учурда билинбей өтүшү мүмкүн. Кийинчерээк дене кычышуу, жөтөл, табиттин жоголушу, арыктоо сыяктуу белгилер байкалат. Айрым учурларда мээге, өпкөгө жана башка маанилүү органдарга да таасирин тийгизиши ыктымал», — деди дарыгер.

Мите курттарын алдын алуунун жолу-жеке гигиенаны сактоо
Дарыгердин маалыматына ылайык, мурда балдарга жылына эки ирет алдын алуу максатында дегельминтизация жүргүзүлчү. Азыр мындай иш-чара системалуу түрдө аткарылбайт. Ошондуктан ата-энелер балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурушу зарыл.
Дарыгер мите курттардан сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:
— колду ар дайым самындап жуу;
— жашылча-жемиштерди таза жууп колдонуу;
— балдардын тырмактарын кыска алып, тазалыгын көзөмөлдөө;
— үй жаныбарлары менен байланыштан кийин гигиенаны сактоо;
— убагында медициналык текшерүүдөн өтүү.
Адистердин белгилешинче, ооруну эрте аныктоо жана туура дарылоо ден соолукка келтирилчү коркунучтарды азайтат.

Адамдын организмндеги мите курттар
Мите курттар мээге, өпкөгө жана башка маанилүү органдарга чейин жайылып, организмге олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Алар тиричилик буюмдары, ошондой эле ит-мышык аркылуу да жугат. Мите курттар көп санда жумуртка таштап, ден соолукка чоң коркунуч жаратат.
Тилекке каршы, бул илдет менен кайрылгандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Көпчүлүк бейтаптар дарт күчөп кеткен учурда гана дарыгерге кайрылышат. Мунун негизги себеби — убагында текшерүүдөн өтпөө.
Адистер ата-энелерге балдардын жеке гигиенасына өзгөчө көңүл бурууну эскертишет. Балдардын колун таза жууп жүрүүсүн көзөмөлдөө, тырмактарын кыска алып туруу жана тазалыкка үйрөтүү маанилүү. Анткени тырмактын астында көптөгөн микробдор топтолот.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов