2025-2026-окуу жылында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын райондук этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде болуп өттү.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи
Сыйлоо аземине Кочкор райондук администрациясынын башчысы аким-аким Б.А.Досалиев, Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.А.Мамбетова, мектеп директорлору, мектеп жамааты, райондогу мекеме жетекчилери жана окуучулар катышты.

Сыйлоо аземинин катышуучулары
Бул күндүн өзгөчөлүгү катары, 23-февраль майрамына карата мектеп директорлоруна жана мекеме жетекчилерине баалуу белек катары китептер тапшырылды. Иш-чаранын уюштуруучулары «Китеп — билим булагы, ал эми билим эч качан текке кетпейт» деген терең маанидеги сөздөрүн айтышып, билим аркылуу гана өлкөнү өнүктүрүүгө болорун баса белгилешти.

Орус тили сабагынан байгелүү орунду ээлеген окуучулар жана даярдаган мугалимдер
Олимпиаданын райондук этабында алдыңкы орундарды багындырган окуучулардын кубанычында чек жок. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды райондун мекеме жетекчилери тапшырышып, диплом жана акчалай сыйлыктарды ыйгарышты. Ошону менен бирге алардын окууларына ийгилик каалашып, облустук олимпиадада ийгиликтерди жаратасыңар деген каалоо-тилектерин айтышты.

Таланттуу окуучулар жеңүүчүлөрдү ыр-бий менен куттукташты
Иш-чаранын соңунда билим жолунда талыкпай эмгектенүү ар бир жаш өспүрүмдүн негизги максаты болушу керектиги жана алдыга умтулган адам гана бийиктиктерди багындыраары айтылды. Билимдүү жаштар — Мекендин чыныгы коргоочулары экени дагы бир ирет далилденди.
Даярдагандар: Жанэр Шаршеналиев, Арзымат Токтобеков