Нарын шаардык спорт мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80жылдык мааракесине жана Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата 2025-жылдын 10-майында 2007-2009-жылы төрөлгөн кыздар арасында стол үстүндөгү теннис оюну болуп өттү.
Бул оюнда Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин окуучулары 1-2-3-орунду камсыз кылышты.
Тактап айтсак:
🥇орунду 9-класстын окуучусу
Каленова Жазмина Жолдошбековна ,
🥈орунду 10-класстын окуучусу
Төлөбекова Нуриза Бактыбековна ,
🥉орунду 10-класстын окуучусу
Касенова Гулдана Кумарбековна
Марат Кенжакунов орто мектебинин мугалимдери , окуучуларды таптап,талыкпай даярдап алып барган мектептин дене тарбия мугалими Сабыров Акылбек Бейшековичке терең ыраазычылык билдирип,бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап өтүштү.
Б.Макилова