«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде “Эмне үчүн китеп окулбай калды?” деген тема талкууланды.
Айымдар бул эфирде адамдар акыркы заманбап технологиялардын өнүгүүсү менен китеп кармап окугандар азайганын айтышып, анын оң жана терс жактарын талкуулашат.
“Кыйындын”катышуучулары:
• Айжамал Халмамат кызы — IT-адис;
• Айзада Нурпазыл кызы — Өзгөн районунун Ийри суу айылдык кеңешинин депутаты;
• Ранахан Мадимарова — Кадамжай району, Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты.
Модератор —Кайыргүл Урумканова. Эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.
IT-адиси Айжамал Халмамат кызынын айтымында акыркы учурда китеп окугандар кыйла азайганын айтат.
«Китепти мурда окуйт элек, азыр заман өнүктү, интернет өнүктү, замандын талабы боюнча телефондон эле чыкпай калдык. Телефондон эле китеп алабыз, маалымат алабыз, бирок балдарыбызга да ошол телефонду өткөрүп берип алдык. Техниканын өнүккөнү ушул деңгээлге алып барып койду. Китеп окубай калганыбыздын дагы бир себеби бул үй-бүлөдө, алсак ата-эне китепке басым жасаса демек бала да ошону карап аракет кылат. Ата-эне өзү телефондо кечке олтуруп, түрдүү соцтармактарды карайт, ошого алаксып кетет. Ал эми аны көруп турган баласы «апам да карап жатат мен да көрсөм болот» деген ойго келет», — дейт ал.
Анын сөзүн колдоого алган Айзада Нурпазыл кызы бала ападан өзгөчө билим, тарбия аларын белгилеп, китепке болгон сүйүүсүнүн пайда болуусу тууралуу өзүнүн жеке тажырыйбасы тууралуу айтып берди.
«Мага китепке болгон жолду, сүйүүнү ачкан бул — энем, андан кийин эле таяэжем болду. Экөөнүн азыркы деңгээлге жетишиме өтө чоң салым кошкон. Кичине кезимде Орусияга барып калдык, апам соода кылат болчу. Ал соодага кеткенде мага Пушкин, Крыловдун китептерин алып келип берчү. Ошол китептерди окуп, жаттап, аны көркөм айтып берүү менен башталган», — деди ал.