Бул видеоподкастта филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Гүлзада Станалиева социалдык медиадагы жүрүм-турум этикасынын азыркы абалы тууралуу ой бөлүшөт. Ал онлайн чөйрөдө кастык тилин колдонуу, жалган маалымат таратуу жана чектен чыккан билдирүүлөр көп учурда адамдын өзүнө жана башкаларга терс кесепет алып келерин белгилейт.
Социалдык тармактарда жоопкерчиликтүү мамиле — бул өз пикириң үчүн жооп берүү, тил маданиятын сактоо жана башкалардын абийирине шек келтирбөө менен башталат. Гүлзада Станалиева ар бир колдонуучу санариптик мейкиндикте өзүнүн коомдук бейнесин калыптандырып жатканын унутпай, этикалык ченемдерди сактоого чакырат.
Подкастты төмөнкү видео аркылуу көрө аласыз. Видеонун алдына бул темада өз ой-пикириңиз менен бөлүшүңүз.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.