«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу.
Окутуудан соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бул чыгарылышта “Айыл жыттанган эко продукт” деген тема талкууланды.
“Кыйын” эфиринин катышуучулары:
• Гульгакы Аттокурова — Куршаб айылынын жеке ишкери;
• Аида Майрыкова — Аксы районунун Ак Жол айылдык кеңешинин депутаты;
• Нуржамал Ганыева — журналист, юрист. «Ойло» бренддинин негиздөөчүсү.
Модератор —Кайыргүл Урумканова. Эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.
Айымдар бул эфирде акыркы учурларда актуалдуу болуп келген эко продукт өндүрүү тармагынын оош-кыйышы тууралуу сөз кылышты. Талкууда сөз баштаган Аида Майрыкова өтө олуттуу пландары менен бөлүшүп, жаштарды жумушсуздуктан арылтуу, зордук-зомбулук маселесинен алаксытуу максатында жумуш орундарын түзүү менен сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачсам деген ниетин билдирди. Анын айтымында, ал максат кылган ишкана ачылып калса эч кандай кошулмасыз, таза өндүрүмдөгү сүттөн жасалган азыктар менен айыл эли камсыз болмок.
Аида айымдын сөзүн колдоого алган Гульгакы Аттокурова таза азыктар жаш балдардын ден соолугуна да пайдалуу болоорун белгиледи. «Менин көп жылдан берки соода сатык тармагында иш тажрыйбам бар. Көптөн бери ойлонуп жүргөн нерсем балдарга эң керек болуп жаткан экологиялык таза азыктар. Алсак, курутту таза өзүбүздүн айылдан сүттөн жасап сатууну ойлонуудамын», — деди ал.
Ал эми Нуржамал Ганыева башка өлкөлөрдүн кайра иштетүү өнөр жайына болгон кызыгуусу анын да өз ишин ачканга түрткү болгонун бөлүштү. «Менин идеям бар бирок каражатым жок болду. Акырын майда кадамдар менен изилдөө иштерин жүргүзүп жатып, бир чакан долбоор утуп алдым. Таштандыны кайра ресурска айлантуу. Алсак жөнөкөй эле баштыктан кайра башка жаңы буюм, мисалы кичинекей косметика салган баштыкча жасоо. Алгач биз полиэтилен баштыктарды чогултабыз, тазалайбыз анан дизайн жасап чыгарабыз анан жаңы буюм өндүрөбүз»,-деди ал.