«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, ага өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуудан соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. “Региондо эмне үчүн зордук-зомбулук күчөдү?” деген тема көтөрүлүп, талкууланды. Кара Кулжа айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча башка адиси Айсулуу Мойдунованын айтымында зордук-зомбулук учурлары аймактарда салыштырмалуу өсүп жатат жана буга бир нече себептер бар. Негизги себептердин бири бул билимдин жетишсиздиги.
«Зомбулук коомдогу эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Аймактарда зордук-зомбулук ар кандай жагдайларда кездешет. Мисалга алсак, билимдин жетишсиздиги, айрымдар мындай абалда кайда кайрылаарын билишпейт. Дагы бир себеби, жакырчылыкты айтсак болот. Жокчулуктун айынан адамдардын стресске кабылуусу… Мындан тышкары жакырчылыктан улам үй-бүлөдө апасы же атасы, же экөө тең эмгек миграциясына кетип, балдар кароосуз калган учурлар арбын. Андан тышкары эски стереотиптин орун алып жатканы дагы таасирин тийгизүүдө. «Кой уят, муну жашыралы» дегендин артынан канчалаган айымдар, балдар, кыздар зомбулукка кабылган учурлар бар», — дейт ал.
Кепке кошулган Ноокат районунун Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Нурайым Атаканова зордук-зомбулуктун келип чыгуусун адамдын социалдык абалы менен байланыштуу дейт. Атаканова зомбулук фактыларын алдын алуу иштерин аткарууда жергиликтүү бийликтин ролу абдан чоң экенин белгиледи.
Анын айтымында зомбулукка кабылган адам менен психологдор иш алып барып, анын жан дүйнөсүн дарылоо зарыл.
Ал эми Улуттук медиация борборунун Жалал-Абад облустук филлиалынын директору Зарина Кошалиева үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн билимдүү коомду тарбиялоо багытында иштерди алып баруу керек деп белгилейт.
Бул чыгарылыштагы “Кыйындын” катышуучулары: Айсулуу Мойдунова — Кара Кулжа айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча башка адиси; Нурайым Атаканова — Ноокат районунун Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчысы; Зарина Кошалиева — Улуттук медиация борборунун Жалал-Абад облустук филлиалынын директору.
Модератор —Кайыргүл Урумканова. Эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.