Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана коомдук терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында көчмө жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Зульпиева Нургүл, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбаев Пазыл, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Абдувапов Бактияр, Айылдык кеңешинин төрагасы Эшимбаев Абсатар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.
Көчмө жыйындын катышуучулары
Жыйын учурунда
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Нургүл Зульпиева:
Нургүл Зульпиева
«Бүгүнкү көчмө жыйынды уюштурганыбыздын негизги максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында болуп жаткан кылмыштуулуктун, зордук зомбулуктун, рекетчиликтин жана коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында уюштурдук. Жыйында бизге ата-энелер жана окуучулар тараптан бир канча суроолор берилип жатты. Суроолорго туура, так жооп бергенге аракет кылдык.
Жыйында жаштарыбызга таасирдүү видеороликтер коюлду. Аларды көрүп жаштарыбыз таасирленип, көптөгөн маалыматтарга ээ болушту» — деп билдирди.
Жыйын учурунда
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл Абсатаровна