Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан уюштурулган шайыр- такычтар клубу болуп өттү. Ага Балыкчы шаарынын №4 З. Исаева атындагы жана С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларынан түзүлгөн курама команда катышып байгелүү орунду алышты.
Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы № 6 жалпы орто билим берүү мектебинин дене тарбия мугалими Мария Эшперова аталган иш-чара учурда орун алып жаткан зордук зомбулук, рекетчилик, кылмыштуулукту алдын алуу жана балдарды ынтымакка чакыруу максатында уюштурулганын билдирди:
“Балыкчы шаарында облустук турга барганга чейин 12 мектептин арасында шаардык деңгээлде сынак болгон. Анда биздин С.Каралаев мектеби баш байгени алышкан. Андан кийин курама командага З.Исаева мектеби кошулуп 10 баланы Каракол шаарына алып бардык. Даярдыкты Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмү өзү көзөмөлгө алып, Балыкчы шаардык мэриясы каржылык колдоо көрсөттү. Бул шайыр тапкычтар клубуна Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 7 команда катышты. Бардык командалардын даярдыктары жакшы болду. Бирок бизге келген жободо ар бир оюнду аткарууда 7 минута берилген көп командалар аны сактаган жок. Сынактын жүрүшүндө балдар активдүү ат салышты. Таймаштын жүрүшүндө бардык жагынан биричи орунда келе жатканбыз аяк жагында Жети-Өгүз району 55 упай менен биринчи орунга чыкты биз 54 упай менен 2 орунду ээледик.”
Балыкчы курама команданын мүчөсү Эрмек Турусбеков бул сынакка катышуу үчүн алгач класс аралык андан кийин мектеп ичинде таймаштан жеңип отуруп кошулганын айтат. Бул сынак өзүбүздү өстүрүүгө чоң салым болду деп билдирди:
“Башка мектептин балдары менен чогуу команда болуп иш алып бардык. Досторубуз көбөйдү. Биргеликте Караколго барып, сахнага чыктык. Балыкчынын атынан чыгып атканда 2-орун алып калып, көңүлүбүз түштү. Бирок Балыкчыга келе жатканда Жылдыз Субановна, агай-эжейлер көңүлүбүздү көтөрүп келишти. Иш-чарага даярдануу учурунда ар кандай кыйынчылыктар болду. Мисалы, убакытты туура пайдалануу, тамашаларды ойлоп табуу сыяктуу. Бирок Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Субановна өзү көзөмөлгө алып, жардам берип, даярдады.”
Самат Алтынбеков, Навира Эмилбекова, Атай Алтынбеков