Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 28-апрелинде боло турчу эл аралык “өнөртай” фестивалына даярдыктар көрүлүп жатат. 8-ирет өтүп жаткан сынактын быйылкы өзгөчөлүгү- эл аралык денгээлде өткөнү жаткандыгында.
Балыкчы шаардык балдар билим берүү борборунун жетекчиси жана “Өнөртай” фестивалынын уюштуруучусу Махабат Бейшеева бул иш-чара 2018 — жылдан бери өтүп келээрин жана көптөгөн таланттардын тушоосун кескенин айтат:
“Алгач, Балыкчы шаарынын окуучуларынын арасында өткөрүлүп келди. Балдардын талантын, өнөрүн өркүндөтүп, чыгармачылыкка болгон шыгын, кызыгуусун арттыра алдык деп ойлойм. Сынак-фестивалдын максаты кыргыз элинин көөнөрбөс өнөр казына, мурастарын улантып таланттарды эл алдына алып чыгуу. Маданиятыбызды өнүктүрүүгө салым кошуу. Ар кайсы өлкөлөрдүн, аймактардын балдарынын достугун чындоо, тажрыйба алмашуу.”
Талантуу балдардын башын бириктирген фестивалга жыл сайын катышып келген “Жаш толкун” элдик бий ансамблинин жетекчиси Жылдыз Ишенбекова балдар чыгармачылык сынагы 8-жыл катар менен өтүп жатканын, мурдакы жылдары шаардык, облустук деңгээлде өтсө быйыл Эл аралык деңгээлде өтүп, мамлекетибизге коңшу өлкөлөрдөн катышуучулары келери күтүлүп жатканы билдирди:
“Өнөртай” Балдар чыгармачылык сынак-фестивалы окуучулардын арасындагы таланттуу , өнөрлүү балдарды аныктап алардын талантын, өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошот жана колдоо көрсөтүп, ар тараптан өнүккөн чыгармачыл инсанды калыптандырат. Бул сынакта чыгармачылыктын бардык түрлөрүн көрсөтө алышат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелүү сыйлыктар тапшырылат.”
Белгилей кетсек, аталган сынак элибиздин маданиятын искусствосун, маданий мурастарын, тарыхын сыйлоого, келечек муундун руханий-адеп-ахлактык жана мекенчилдик аң сезимин өнүктүрүүгө тарбиялайт. Кыргызстандын жана башка өлкөнүн материалдык эмес мурастарын сактоого жана өнүктүрүүгө жолдойт. Окуучулар ортосунда достук байланыштарды түзүүгө өбөлгө болот.
Ширин Калачиева, Эркеайым Бекенова, Хадия Үсөнова,Мирайым Капарова