Балыкчы шаардык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эдилбек Токонбаев менен маек курдук.Ал быйылкы жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу шаар башчыбыз менен жергиликтүү эл өкүлдөрү жана жарандарыбыз менен жаңы техниканы жаңыртуу максатын коюп жатканын. Шаарларды жарыктандыруу иштери жүрөрүн билдирди.
Таштандыны кайра иштетүү жана иргөө боюнча кандай иш-чаралар жүрүп жатат?
-Таштандыны иргөө маданияты ар бир үй-бүлөдөн башталса, жакшы болот. Бизге аны иргеп алып чыгып берсе аны алганга ыңгайлуу болот.
Жергиликтүү тургундардан түшкөн эң көп арыздар кайсы маселелер туурасында болот?
1-маселе. Жолбун иттерди атуу маселеси болуп келет. Жолбун иттерди атуунун өзүнүн талабы, мыйзамы жана өзүнүн убактысы бар. Мисалы аларды атуу эртең мененки саат 7:00 — 9:00 го чейин жүргүзүлөт. Себеби адамдар жок учурларда, мектеп окуучулары сабакка киргенде, эл жок жерлерде атышат.
2-маселе. Көбүнчө жарандар от жаккандыктан, күл чыгат. Бизге кыйынчылыгы — шаар жашоочулары аны ысык бойдон чыгарып, «Бул силердин милдетиңер, алып кеткиле!»- деп көп айтышат. Ал эми ал машинага жүктөлгөн учурда башка таштандылар күйүп кетүү коркунучу жаралат.
Тургундар төлөмдөрдү электрондук жол аркылуу төлөм жүргүзүү боюнча маалымат бере кетсеңиз.
— Азыркы күндө биздин ишканада онлайн төлөм жүргүзүү боюнча Айыл банк, РСК, О! деньги бар. Тазалык ишканасы Балыкчы шаары деген интернет баракчабызга кирсениздер төлөмдөр боюнча күндө маалымат беребиз.
Шаардын тазалыгы боюнча алдыга койгон пландарыңыз кандай?
— Бул ишканага келгенде өзүмө план койдум эле. Азыр өзүмө койгон максатымдын 50% ишке ашырдым. Биринчиси: ушул мекеменин кызматкерлерине ыңгайлуу шарт түзүү, эмгек куралдары менен камсыз кылыш. Быйылкы максатыбыз жергиликтүү өз алдынча башкаруу шаар башчыбыз, жергиликтүү эл өкүлдөрү менен жарандарыбыз менен техниканы жаңыртуу. Шаарды жарыктандыруу жана быйыл он көчөнү толугу менен жарыктандырдык.
Аяна Мырзабекова, Диана Джакыпекова