Балыкчы шаарында маалыматты туура кабыл алуу жана анык эмес маалыматты ажыратуу максатында медиасабаттуулук боюнча квиз оюну уюштурулду. Иш-чарага окуучулар, жаш мугалимдер, активисттер, Балыкчы шаарынын мэрия кызматкерлери катышып, фейк жанылыктарды таануу, маалымат булактарын текшерүү жана санарип шылуундук боюнча суроолорго жооп беришти.
“Текшердим” кампаниясынын алкагында медиасабаттуулук боюнча кызыктуу квиз-таймашын өткөргөн Балыкчы Жааматтык Мультимедиа борборунун координатору Зубаржад Жалилова квиз оюну абдан кызыктуу жана катышуучуларга пайдалуу болгонуна токтолуп, ал бир гана окуучуларды камтыбастан ар кайсы өкүлдөр катышканын кошумчалады. Бул жактан алган билимдерин мугалимдер өздөрүнүн окуучуларына жеткирет деген ишеништебиз» деп билдирди:
“Квиздин эң башкы максаты медиа жана маалыматтык сабаттуулукка арналган жана Балыкчы шаарынын тургундарына медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маалымат жеткирүүнү үйрөтүү, жалпы коомчулука медиасабаттуулук боюнча маалымат берүү. Бул иш-чарага окуучулар гана катышпастан , Балыкчы шаарынын мериясынын өкүлдөрү, жалпы Балыкчы шаарында жайгашкан мектептерден жаш мугалимдер жана жаш активисттер катышты.”
Оюнга жалпысынан 4 топ катышып, таймаш 3 турдан турду жана ар бир турда 10дон суроо берилип, жалпысынан 30 суроо боюнча таймаш болду. Сынактын жүрүшүн калыстар тобу көзөмөлдөп турушту. Калыстар тобунун мүчөсү №6 Саякбай Каралаев мектебинин директору Рима Кубанова төмөндөгүлөргө токтолду:
“Бүгүн биздин мектепте өткөрүлгөн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча квиз оюну — бул жалпы катышуучулар алардын ичинде биздин окуучулар үчүн абдан маанилүү жана өз учурунда уюштурулган иш-чара болду деп айта алам. Анткени бүгүнкү күндө маалыматты туура кабыл алуу, аны талдоо, сын көз караш менен баалоо жөндөмү ар бир жарандын негизги көндүмдөрүнүн бири болуп саналат. Бул иш-чара окуучулардын критикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, жалган маалыматты ажыратууга, социалдык тармактардагы жана жалпы медиа мейкиндигиндеги мазмундарды туура түшүнүугө көмөктөшөт. Викторинага балдарыбыз жана ошондой эле жалпы катышуучулар абдан жакшы катышып беришти. Бул иш-чара максатына жетти деп ойлойм”.
Окуучулар тобунан оюнга катышкан Нурайым Майрамбекова алардын тобу 2-орунга жеткенин жана бул иш-чара кызыктуу жана пайдалуу болгонун кошумчалады:
“Квиз оюну мага суроолор берилгенде топтор менен иштешкенибиз мага абдан жакты десем болот. Бүгүнкү оюндан мен билген жана мен билбеген суроолор дагы келди, мен билбеген суроолор көп экен десем болот, ошондуктан көп нерсе үйрөндүм”.
Белгилей кетсек, квиз-таймаштар Кыргызстандын бардык облустарындагы 30 жерде өткөрүлүп жатат. Аны Жамааттык Медиалардын Бирлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews уюму аркылуу ишке ашып жаткан CARAVAN долбоорунун колдоосу менен «Текшердим» аттуу маалыматтык кампаниянын алкагында медиасабаттуулук жана санариптик коопсуздук боюнча интерактивдүү квиз-таймаштардын сериясын уюштурулду.
Сайкал Алмазова, Элнура Жаныбекова, Аяна Жакыпекова, Эркеайым Бекенова