Кочкор районунун маданият үйүндө «Жаңы муун-жаркын келечек, таза муун-коопсуз келечек» деген ураан алдында маанилүү форум болуп өттү.Иш-чараны Кочкор райондук ички иштер бөлүмү уюштуруп, форумдун негизи максаты жаштар арасында укуктук билимди жогорулатуу, коопсуз жашоо образын калыптандыруу жана кылмыштуулукту алдын алуу болду. Форумга райондун 35 билим берүү мектептердин окуучулары, мугалимдери,ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү катышты.
Форумдун катышуучулары
Иш-чарада ички иштер органдарынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын Зордук зомбулук жана ырайымсыз мамилелерден жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун психологу, жаш активисттер тарабынан маалыматтык баяндамалар жасалып, жаштар арасында укук бузуулардын себептери жана алардын алдын алуу жолдору боюнча пикир алмашуулар болду.
Кочкор райондук драма театрынын артистери чакан сценка көрсөтүп жаткан учуру
Форумдун алкагында жаштар үчүн мотивациялык баяндамалар жана Кочкор драма театрынын артисттери чакан сценкаларды көрсөтүп, укуктук аң-сезимди көтөрүүгө багытталган видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Андан тышкары окуучуларга Kahoot оюну уюштурулуп, ар кандай 16 суроолор берилип, жеңүүчүлөргө белектер берилди.
Kahoot оюнунун жеңичуулөру
Ошондой эле бүгүнкү форумга конок катары 3-жолку дүйнө чемпиону, КР эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова, ЖК депутаттары Гүлсүкан Жунушалиева, Жылдыз Сарыбаева катышты.
3-жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова
Жыйынтыгында баардык катышуучулар эске калаарлык сүрөткө түшүштү.
Канайым Мирланова