Бүгүн 6-августта Бостери айылында өтүп жаткан Форумда көргөзмө уюштурулду. .

Көргөзмөгө Кыргызстан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жетектеген өкүлдөр катышты.

Көргөзмөгө Кыргызстандын табигый экологиялык азыктары, айыл чарбасы жана өнөр жай тармагы үчүн атайын техникалар, ошондой эле салттуу кол өнөрчүлүк жана жеңил өнөр жай буюмдары коюлду. Кыргызстандын жана Россиянын аймагында өндүрүлгөн автоунаалар дагы сунушталды.

Даярдаган: Азема Сабырбекова