6-августта Бостери айылында VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму жана XII Аймактар аралык конференция расмий ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, бизнес, банк жана илим чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин видео кайрылуулары менен ачылды.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Ысык-Көл эки өлкөнүн өкүлдөрүн бириктирген маанилүү диалог аянтчасына айланганын белгиледи:
«Ысык-Көл кайрадан эки өлкөнүн өкүлдөрү кездешкен маанилүү аянтчага айланды. Түрдүү тармактын өкүлдөрүнүн катышуусу кыргыз-орус кызматташтыгы бардык деңгээлде жигердүү өнүгүп, жаңы долбоорлор жана конкреттүү жыйынтыктар менен толукталып жатканын айгинелейт», — деди мамлекет башчысы.

Владимир Путин Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктагы ролуна токтолду. Анын айтымында, фонд аркылуу жалпы суммасы 1 миллиард АКШ долларынан ашкан 4 миңге жакын биргелешкен долбоор каржыланып, жаңы өндүрүш ишканалары ачылып, экспорттук мүмкүнчүлүктөр кеңейди. Учурда Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен 2 миңден ашуун компания иштеп жатат.

Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук да сөз сүйлөштү.

Адылбек Касымалиев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу, өнөр жайды, энергетиканы, транспортту жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча иштер ырааттуу жүрүп жатканын белгилеп, россиялык өнөктөштөр менен жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Алексей Оверчук болсо:
«Кыргызстан — Россия үчүн Борбордук Азиядагы ишенимдүү өнөктөш. Биздин мамилелер көп жылдык тарыхка, өз ара урматтоого жана тең укуктуулукка негизделген», — деп белгиледи.

Форумдун алкагында жалпы суммасы 800 миллион АКШ долларына жеткен инвестициялык жана кызматташтык келишимдерге кол коюлду. Бул каражаттар энергетика, өнөр жай, транспорт жана байланыш тармактарын өнүктүрүүгө багытталат.

Макулдашуулардын негизгилери төмөнкүлөр болду:
— Кыргызстан менен Россия биргелешкен виртуалдык мобилдик оператор түзөт. Долбоордун баасы 4,2 миллион АКШ долларын түзүп, эки өлкөнүн ортосундагы байланыш кызматтарын жеткиликтүү кылып, тарифтерди төмөндөтүүгө багытталат.
— Нарын облусунда заманбап күн электр станциясын курууга 250 миллион АКШ доллары бөлүнөт.
— Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 МВтка чейинки шамал электр станциясын курууга 126 миллион АКШ доллары инвестицияланат.
— Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүүчү ири комбинат курууга 88,9 миллион АКШ долларлык келишим түзүлдү.
— Логистикалык паркты курууга 20 миллион АКШ доллары, ал эми локомотивдерди оңдоочу бөлүмдү жабдууга 6 миллион АКШ доллары каралды.
— Экономикалык келишимдерден тышкары, форумдун жүрүшүндө аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге да кол коюлду. Анын ичинде Бишкек менен Нижний Новгород шаарлары боордош шаарлар макамын алышты. Ошондой эле Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары Россиянын бир катар региондору менен соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууларды түзүштү.
Даярдаган: Азема Сабырбекова