20-июлдан тарта Москвадагы «Сахарово» көп функциялуу миграциялык борборунда (ММБ) эмгек патентин алуу үчүн документ тапшыруунун жаңы эрежелери күчүнө кирди.

Эми саат 08:00дөн 12:00гө чейин патент алуу боюнча арыздар алдын ала электрондук жазылуу аркылуу гана кабыл алынат. Эртең менен жандуу кезекке туруп документ тапшыруу мүмкүн болбойт.

Алдын ала кантип жазылса болот?
Кабыл алууга төмөнкү кызматтар аркылуу жазылууга болот:
* «Амина» мобилдик тиркемеси;
* «Мигрант Сервис» мобилдик тиркемеси;
* ГБУнун «Миграциялык борборунун» расмий сайты (mc.mos.ru).

Бул үчүн «Сахароводогу Миграциялык борборго жазылуу» бөлүмүнө кирип, ылайыктуу күндү жана убакытты тандаңыз. Андан соң паспорттогу маалыматтарды так киргизип, берилген штрих-кодду сактап коюңуз.

Борборго барууда милдеттүү талаптар:
* Маалыматтардын дал келиши. Паспорттогу маалыматтар алдын ала жазылууда көрсөтүлгөн маалыматтар менен толук дал келиши керек. Болбосо борборго кирүүгө жана кызмат алууга уруксат берилбейт.
* Бир адамга – бир жазылуу. Ар бир алдын ала жазылуу бир гана адам үчүн жарактуу.
* Так убакытта келүү. Борборго белгиленген убакыттан 30 мүнөттөн эрте эмес келип, кечикпөө зарыл.
* Штрих-кодду көрсөтүү. Борборго кирүүдө жана документ тапшыруу үчүн талон алууда алдын ала жазылууда берилген штрих-кодду көрсөтүү талап кылынат.
Азема Сабырбекова