Динара Салиева Орусия мамлекетинин Новосибирск шаарында жашап келет. Ал жолдошу менен биргеликте “ДИВА” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) түзүп иш алып барышат. Динара айым Ош Технологиялык университетинин Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Азыркы тапта «ДИВА» ЖЧКсынын үч филиалын ачып, балдарга орус жана англис тилдерин үйрөтүү менен айрым документтерди которуп берүү кызматын көрсөтүшөт. Уюмда азыркы тапта 18 адам эмгектенет.
Ишкердикте эң эле манилүү бул репутация жана ишеним деп баса белгилейт Динара айым:
Жумушчулар менен иштөөдө Динара айым ар бири менен эмгек келишимин түзөт. Аларга коюлган талаптардын так жана убагында аткаруусуна көңүл бөлөт.
“Орусияда жеке ишкерлерге шарттар түзүлгөн. Кандайдыр бир иш кылам дегендер болсо мамлекет тарабынан колдоолор ар тараптан болуп турат. Мыйзам бузбаган мигранттарга болгон мамилеси жакшы, көп жерде адамдын өзүнөн көз каранды болот”.
Динара айым чет тилдерин үйрөтүүчү курстарды айыл жергесинде ачуу керектигин айтат. Себеби, чет өлкөгө келген мигранттар тил жагынан көп кыйынчылыктарга учурашат.
Акылай Алмазбекова