Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулуп, ачылыш салтанаты болду. Ачылышка район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.
ФАПтын курулушун “Аль-Рашид» коомдук фондусу тарабынан каржыланып, “Ашар Эл Курулуш” коомдук фондусу тарабынан 1 млн 700 миң сомго курулуп, бүткөрүлдү. Аталган айылда буга чейин Кызыл Ай коому менен бирге курулган чакан бөлмөнүн бир тарабы ФАП, экинчи тарабы китепкана катары колдонулуп келген болчу. Ал эми азыр ФАПтын өзүнүн имараты курулду. Салтанатта айыл тургундары жакшы саамалыкка кубангандыктарын билдиришти. Соңунда курулуш иштерине көмөктөшкөн тараптарга ыразычылык билдирилди.
Мээрим Тентиева