Кочкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулукка каршы “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлүп, балдар арасында волейбол оюну ойнотулду.
Мектеп окуучуларына линейка уюштурулуп, зордук-зомбулуктун түрлөрү жана ага эмне себептен кабылат, ал учурда эмне кылуу керек деген суроолоорго жооптор камтылган доклад окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары зордук-зомбулук боюнча 8-11-класстардын окуучуларына класс жетекчилери тарбиялык саат өтүштү. Жогорку класстын окуучулары менен биргеликте аскерге чейинки даярдык сабагынан берген Бакыт Сабитов жана тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумалы уулу болуп айылдын ичине плакаттарды көтөрүп, «Зордук-зомбулукка каршыбыз» деген ураан менен жөө жүрүш жасалды. Мындан тышкары «Зордук-зомбулукка каршы» темасында 8-класстан 11-класска чейинки эркек балдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча класстар аралык волейбол оюну уюштурулду.
Тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумаалы уулунун айтуусу боюнча бул убакка чейин бир гана окуучуларга гана эмес ата-энелерге дагы бул тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген. Алар: Кочкор районундагы мекемелердин жетекчилеринен, Имам Хачим тарабынан, прокуратурадан, социалдык коргоо бөлүмүнөн, билим берүү бөлүмүнөн, райондук администрациясынан дээрлик бардык жактан келип, Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучуларына, ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишкен.
Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова