2023- жылдын 15- декабрында Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлиги Орусия мамлекетинин «Мир Восток» фонду менен өнөктөштүктө өткөргөн эл аралык «Россия жана Кыргызстан: достуктун жана ишенимдин аймагы» аттуу Кыргызстандын мектептеринин мугалимдер жана окуучулар арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
Сыйлык ээлери: Арина Зальцман жана Жанна Абдыкеримова
Сынакка Ч. Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Абдыкеримова Жанна жана 9- классынын окуучусу Зальцман Арина катышып, 1-орунга татыктуу болушту. Сынактын шарты боюнча январь айында Абдыкеримова Жанна Москва шаарына квалификациясын жогорулатууга, ал эми Зальцман Арина окуучулар үчүн уюштурулган экскурсияларга барууга жолдомо алышты.
№1 Ивановка мектебинин жетекчисине ыраазычылык
Фонддун атынан №1 Ивановка мектептин жетекчиси Сартбаева Дарикага Эл аралык сынакты өткөрүүгө жана Кыргызстан менен Орусия мамлекеттеринин достук жана кызматташуусун чыңдоо үчүн кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Венера Шонкоева