Сокулук районунун Новое айылындагы Гүльсина Капарова атындагы орто мектебинде «Манас» күнүнө карата «Манас-кыргыз рухунун туу чокусу» деген аталышта «Акыл ордо» таймашы болду.
Таймаштын катышуучулары
Таймашты 9-класстын алдыңкы окуучулары уюштуруп, мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Бермет Кенжебаеванын жетектөөсүндө өткөрүлдү. Таймашка 8-,,а”классынын «Бакай» тобу, 8-«б» классынын «Аккула»‘ тобу катышышты.Таймаш окуучулардын «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен ачылды.Манас айтуу учуру
Акыл ордо интеллектуалдык таймашы 6 бөлүктөн турду. Алар:
1. Саламдашуу
2. Суроо-жооп
3. Сыр-куржун
4. Күтүлбөгөн суроолор
5. Кластер
6. Тест
Эки топко жогорудагы бөлүктөрдөн тапшырмалар берилип, жыйынтыгында 112 балл менен «Аккула» тобу алдыга чыкса, 2-орунду 110 балл менен «Бакай» тобу ээледи. Таймаштын аягында мектеп директору Гульазар Муонбаева окуучуларга ийгилик каалоо менен уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирип өттү. Акыл ордо жүрүшүндө биринчиден «Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы экени баса белгиленди. Таймаш 2 топтун атаандаштыгы менен кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү.
Белгилей кетсек, 4-декабрь күнү Кыргызстанда «Манас» эпосунун күнү майрамдалат.
Перизат Каратаева, Айдай Джолчубекова