Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы ооруканада оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.
Аталган имаратты оңдоо үчүн райондук өнүктүрүү фонддон 5 млн 9 миң 325 сом, ал эми өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 280 миң сом каражат бөлүнгөн. Жалпы наркы 5 млн 289 миң 325 сомду түзгөн оңдоо иштерине тендерден «Аза Универсал Компани» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган
Оорукананын ремонтко чейинки ички абалы
Оорукананын ремонтко чейинки сырткы көрүнүшү
1987-жылы айыл кеңеши үчүн контора болуп курулган 2 кабаттуу имарат совет доору тараган соң айылдык төрөткана болуп ачылган. Кийин төрөткана жабылып, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты болгон. Учурда бир дарыгер, 8 медайым эмгектенет.
Барчын Мамытбекова