Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Зелёное айылына каттоочу жол кар күрткүдөн улам жабылып унаалардын каттамы токтоду. Жолдун жабылышынан улам айыл тургундары, унаа ээлери ызгаар суукта жол тазалоону өздөрү колго алышты. Айыл тургундарынын билдирүүсү боюнча жол тазалоочу унаалары 5 сааттан ашык убакытта келген.
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Зелёное айылынын тургуну Узакбай Исмаилов: «Мен Зелёное айылынан 40 чакырым алыстыкта Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде иштеймин. Калың жааган кардан дагы, ызгаардуу шамалдын кесепетинен жол жабылып калды. 14-декабрь күнү кечки саат 18.03 мүнөт өткөндө 112 кызматына жол тазалоочу унааларды жардамга чакырган элем, андан ошол эле замат Сокулук Чукул кырдаалдар кызматына чалдым. Бирок жол тазалоочу унаасы 23.30 келди. Таң калганым 40 км аралыкка беш жарым саатта келгени болду», — деп билдирди.
Ага чейин жолдо калган автоунаа ээлери бири бирине жардам берип, кардан чыга албай калган унааларды чыгарышты. Ал эми эртеси күнү атайын грейдер келип жолду тазалап кетти.
Ушул кырдаалга байланыштуу айыл жашоочулары ар бир айыл өкмөтүндө өзүнө бекитилип берген бирден грейдер машиналары болсо деген сунуштарын айтышты. Анткени кеч келген Чукул кырдаалдар кызматынын машиналары келгиче кейиштүү окуялардын болуп кетишине шарттар түзүлөт деп билдиришти.
Видеолор Узакбай Исмаиловдон алынды.
Турсун Омуралиева