Чолпон айылындагы шайыр апалар тобунун мүчөсү Сакин Макебаеванын апасынан калган акындык таланты бар. Ал учурда талантын арбытууга аракет кылууда.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө тоо булбулу М.Баетовдун 120 жылдык мааракесине карата «Өнөргө арналган өмүр» деген темада конференция өткөрүлүп, ага М.Баетовдун небереси Гаухар Баетова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери, маданият …
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Медер Кубанычбек уулу ыр жазууга кызыгып келет. Анын ыр жазууга болгон каалоосу 10-класста башталган. Ал көбүнчө Мекен, ата-эне, мектеп жана классташтары …
Соң-Көл орто мектебинде көптөгөн талантуу окуучулар бар. Алардын айрымдары районго аты таанылып калган.
Нарын районуна караштууКуланак айылынын кичинекей тургуну Саламатов Нурэл 2 класстын бүтүрүүчүсү. А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу келечекте бийчи болууну каалайт.
Сокулук районунун музыка мугалими Бүбүсара Жалалова кадимки үй-тиричилигинде колдонуп келген чынылардан күү чыгарат. Окуучулары дагы аны кызыгуу менен үйрөнүп алышкан. Айрым чыгармаларды комуз жана башка аспаптардын коштоосунда аткарышат.
Райондук маданият үйүндө жыл сайын «Ак Мөөр» сулуулар сынагы өткөрүлүп келет. Быйыл дагы «Ак Мөөр — 2021» сулуулар сынагы уюштурулуп, сынактын 1-туру 17-март күнү өткөрүлүп, ага жалпы 12 кыз катышып, …
Асель Жеңишбекова Акталаадагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 10-классында окуйт. Сүрөттү мыкты тартат. Аселдин айтымында сүрөттү бала бакчага барган кичине чагынан эле тартат.
Нуркыз Апышева мобилдик телефонго эле мыкты сүрөттөрдү тартып келет. Ал сүрөт тартууга колдонуп жаткан телефонун республикалык олимпиадада утуп алган.
Нуржахан Асылбашева Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын менеджмент жана Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо багытында билим алган. Эки кесипти бирдей аркалаган айым, оратордук чеберчилик боюнча да тренер. Эки баланын энеси, күйүмдүү …
Бала кезде басчумун, бирок чуркай алчу эмесмин. Кийин оорум күчөп, такыр эле баспай, майыптардын арабасына отуруп калдым. Ата-энем болгон оорукана, табыптарга алып барды. Бирок жылыш болбой, тагдырга баш ийдим»,- дейт.
Акмарал Эркинбек кызын эл “эски ырларга жан берип жана аларды калыбынан бузбай ырдаган” жаш талант катары тааныйт. 7 жаштан тарта кароо сынактарга катышып келген таланттуу кыз, эл аралык фестивалдарда да …
Жакында Москва шаарында «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү залкар комузчу, күүчү жана обончу, аткаруучу Нурак Абдырахмановду …
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова
Бүгүн Ак-Талаа районунда белгилүү композитор, СССРдин жана КРнин Эмгек сиңирген артисти, дирижер Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленди. Салтанат КРнын Гимни менен башталды.
Социалдык тармактарда керемет үнү менен ырдап гана тим болбостон, бийлеп, ал турсун чачын ары-бери эптүү серпип, өзүн эркин сезип ырдаган жаш таланттын видеосу таркады. Ал видеодогу Элнар Шарипов көрүүчүлөрдүн алкышына …
Аймактарды өнүктүрүү жылына жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Сары-Булуң айыл аймагынан чыккан акын жазуучуларды жайылтуу максатында жазма акын, сүрөтчү, дизайнер, жаңыдан үйрөнчук жаш манасчы Самат Асылкеримов тууралуу таанышып алыңыз
Бүгүн райондук маданият үйүндө “Маданияттын мыкты кызматкери”, чыгармачыл инсан маркум Доктурбек уулу Кеңешбекти эскерүү кечеси болуп өттү. Кесиптештеринин демилгеси менен маркумдун 14-апрель туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүүгө туугандары, достору келишти. …
Токтоян айылынын 36 жаштагы тургуну Нурлан Маматкулов өзүнүн усталык өнөрү менен айылга салымын кошуп келүүдө.