Бүгүн райондук маданият үйүндө “Маданияттын мыкты кызматкери”, чыгармачыл инсан маркум Доктурбек уулу Кеңешбекти эскерүү кечеси болуп өттү. Кесиптештеринин демилгеси менен маркумдун 14-апрель туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүүгө туугандары, достору келишти. Доктурбек уулу Кеңешбектин басып өткөн жолу, замандаштарына тартуулаган чыгармалары жөнүндө достору, жакшы билген кесиптештери кеңири токтолушту.
Өз өмүрүнүн 27 жылын маданиятка арнаган музыкант акыркы жылдары “Ак Мөөрдүн сиңдилери” элдик тобу менен иштешкен.
Маданият үйүнүн кызмакери жана кесиптеши Карасартов Бекжан: “Маркум Кеңешбек байке жакшы, ак көңүл, улуу –кичүү менен бирдей тил табыша алган, жөнөкөй, көп кырдуу талант эле.Анан да куудулдук жайы бар эле” дейт.
Даярдаган: К.Кубанычбекова