Чолпон айылындагы шайыр апалар тобунун мүчөсү Сакин Макебаеванын апасынан калган акындык таланты бар. Ал учурда талантын арбытууга аракет кылууда.
Сакин айымдын да балдары жолун жолдоп кете тура турганына ишенет.
Сакин Макебаева:
«Чолпон айылында туулгам. Мен ырды кээде майрамдарга, туулган күндөргө арнап жазам. Ал өнөр менин апамдан калган. Апам ыр чыгарган, жамакчы киши болгон. Такай жайлоого барганда кошуна-колоңдордун баарына ыр чыгарып келчү. Мен жаш кезимде деле жазчу эмесмин ушул 3-4 жыл болду жазып баштаганыма.
Азыркы убакта китеп басмаларга бергенге ырларымды топтоп жатам. Бирок фейсбук, инстаграммга, ватсапка статуска чыгарып коём. Ыр жазгандан башка шайыр апаларга кошулуп ырдап калам. Өзүм кичинемде комузка кызыктар болчумун, тилекке каршы аны үйрөнө алган жокмун. Азыр неберелеримди комузка үйрөтөйүн деп аракет кылдым. Үй бүлөмдө неберелеримден эч ким деле жазбайт. Кичүү кызым мектепте окуп жүргөндө «Апама гүлдесте» деп чыгарган. Аны да фейсбукка чыгарып койгом».
Кусейин Марат уулу