Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 4 жыл мурун үрөн тазалай турган аппарат келген. Учурда сезону башталып, кызуу иш жүрүп жаткан кези.
Айылыбыздан мурунтан бери арпа, буудайды шамалга сапырып тазалап келишкен. Азыркы тапта бир топ жеңилдиктер түзүлгөн. Каарманыбыз Нургазы Байзаков бул тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Нургазы Байзаков:
«Ушул кампада 4 жылдан бери иштеп келем. Жайыт комитетинин эсебинен проект түзүп, ушул сепаратор аппаратын алып келип беришкен. Мына ушул аппарат менен 4 жылдан бери дыйкандардын үрөндөрүн тазалап, сепкенге даярдык кылып берип жатабыз. Аппарат 2 миллион сомго келген. Бул иштегенде суткасына нормасы боюнча 60 тонна тазалап чыгарат. Бирок бизде көбүнчө кол менен оокат кылып жаткандыктан күнүнө 15 же 16 тонна чыгат. Элдер көп кезекке турушпайт. Бат- баттан тазаланып, эгиндерин алып кетишет. Сезону болгону жазында бир ай гана иштейт. Башка убакта токтоп турат. Тоннасын 600 сомдон болуп, 1 мешок 30 сомдон тегеренип калат».
Кусейин Марат уулу