Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында беш гектар аянтка төрт жарым миңге жакын чычырканактын тикенексиз, алтай сортундагы көчөтү тигилди. Буга чейин чычырканакты атайын аянттарга тигип, түшүм алуу жокко эсе болгон.
“Жашыл Кыргызстан” экологиялык долбоорунун алкагында жүрүп жаткан бул иш-чарага айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана КРнын ЖКнин депутаттары катышты.
Айыл тургундары көчөт тигүүдө
Айыл жаштары тамчылатып сугаруу ыкмасын демилгелешти
Көчөттүн 2377 даанасын ЖКнын депутаттары, ал эми калганы жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланган. Буга чейин кайрак жердин катарында турган аянтка суу тартылып, айланасы тургундардын көмөгү менен тосулду. Айыл өкмөттүн алдында муниципалдык ишкана түзүлсө аянтты бекитип, карамагына берилет. Мындан сырткары айыл жаштары тамчылатма сугарууну дагы демилге кылышууда.
Мал жандык багуудан тышкары чычырканак жана башка мөмөлүү жемиштерди өстүрүү менен кошумча киреше табууга болот.
Барчын Мамытбекова